Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары жана өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Кубанычбек Чойбеков СИЗОго камакка алынды. Муну өздүк булактарга шилтеме берүү менен бүгүн, 4-мартта 24 kg жарыялады. Маалыматка таянсак, Чойбеков медицина иштери менен алектенген тарапка мыйзамсыз түрдө лицензия берүү кылмышына айыпталууда. Сот аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарганы айтылды.
Факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тергөө жүргүзүүдө.