Чалагыз Исабаев атындагы "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамбли Түркияга чакыруу алды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта "ТҮРКСОЙ" уюмунун башчысы Дюсен Касеинов кыргыз өкүлчүлүгү менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө кыргызстандык бул ансамбль Түркиядагы суроо-талап көп фольклордук топ болуп саналат. “Түркиянын бардык аймактарындагы элдер алардын чыгармачылыгына күбө болсун”,- деди ал.