Бүгүн, 4-мартта "Манас" кинотеатрында “Пентхаус” кинокомедиясынын бет ачары болду. Ага белгилүү кыргыз киночулары, актёрлор, ырчылар жана каармандардын жакын санаалаштары келип катышышты.
Азем учурунда тасманын режиссёру Нурлан Мамакеевди кепке тарттык. Ал бул эмгеги тууралуу: "Тасма туптуура 40 күндүн ичинде тартылып, элге тартууланып отурат. Биз турмушта кездешип жаткан окуяларды комедия жанры аркылуу чагылдырып берүүнү туура көрдүк. Мен идеясын эле айтып бердим. Ал эми сценарийин "Ак-Өргө City" командасынын жигиттери өздөрү жазышты. Бул алардын жазган алгачкы сценарийи болуп эсептелет. Жигиттерге мындан ары да ийгилик каалайм",- деди.