Бишкекте бүгүн, 4-мартта Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда ырчы Кенже Дүйшеева менен “Жебе” тобунун концерти өтүүдө. Көрүүчүлөр залдын 100 пайызын ээлеп, концерт белгиленген убакыттан дээрлик 1 саат кеч башталды.
Концерттердин көпчүлүгүн ачып бергенди салтка айланткан "We` ll be" бийчилер тобу “Жебенин” да концертин ачып берди. Алып баруучулук милдетин алган Жеңишбек Айтиев айымдарды 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктап өттү.
Ырчы мырзалардын концерти “Кыргызымдын жигиттери” аттуу ыр менен старт алды.
Кыска убакытта элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон топтун концерти аншлаг менен башталды. Кенже Дүйшеева келген көрүүчүлөргө ыраазычылык билдирип, шакирттеринин дебюттук концертинде толкунданып жатканын билдирди.