Бүгүн, 4-мартта кыргыз кино дүйнөсү дагы бир тасма менен толукталды.
Дегеним, "Манас" кинотеатрында, жабык эшик артында “Пентхаус”
кинокомедиясынын бет ачары
болуп өттү. Ага белгилүү кыргыз киночулары, актёрлор, ырчылар жана
каармандардын жакын санаалаштары катышышты.
Тасма башталганча андагы каармандар менен маектешүүгө үлгүрдүк. "Тасманын сценарийи бизге, "Ак-Өргө City`нин" жигиттерине таандык. Бул биздин жазган алгачкы сценарийибиз десек болот. Кандай жазылганын көрүүчүлөр өздөрү баалашат деп ойлойм. Кандай кабыл алышат билбейм, бирок биз мындан ары да изденүүбүздү токтотпойбуз. Көптөгөн ийгиликтерди багындырабыз деген ойдобуз. Тасма жөнүндө айта турган болсом, дээрлик 80 пайызы пентхаустун ичинде тартылды. Кыйынчылыктар деле болгон жок, сууктун айынан баарыбыздын бир сыйра ооруганыбызды кошпогондо. Тартуу иштери жагымдуу өттү. Мурдатан ынак жаныбыз 40 күн пентхауста чогуу жашап, андан да жакын болуп кеттик. Азыр да ажыраша албай жүрөбүз",- деп ой бөлүштү Самат Эркинбеков.
Ал эми башкы каармандын ролун жараткан Эмил буларга токтолду: "До+Фа" тасмасына тартылганымдан кийин Нурлан Мамакеев жолугуп, "Сени бир тасмага тартсам кандай болот?" дегенинен, макул болгом. Анан бул тасмасынын идеясын айтты. Балдар болуп сценарийин жаздык. Алар дароо эле башкы каармандын ролун мага беришти. Самат болсо мүнөзүнө жараша жашык, боорукер жигиттин ролун алды. Мындайча айтканда, сценарий ар бирибиздин мүнөзүбүзгө карата жазылды. Ал эми менин тасмадагы сүйгөнүм Айдайды кастинг аркылуу тандап алдык. Ал буга чейин да кыргыз тасмаларында роль жаратып жүргөн таланттуу кыз".