Кенже Дүйшееванын концерти жагымдуу маанайда өтүүдө 

Бишкекте бүгүн, 4-мартта Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда ырчы Кенже Дүйшеева менен “Жебе” тобунун концерти өтүүдө. Концерт Кенже Дүйшееванын жеке ырчы катары чыккандан кийинки алгачкы концерти болуп саналат. 

Сахна ырчы айымдын жана “Жебе” тобунун жигиттеринин сүрөттөрү менен жасалгаланган. Күйөрмандар бир учурда эки жеке концертке күбө болууда.

Ырчынын айтымында, “Жебе” тобуна келбеттүү, бийге шыктуу, сөзгө чебер балдар чогулган. Шакирттери Самат, Медер, Минур жана Кумарды тааныштырып жатып түштүк диалектисин кошуп кетти. Нукура кыргызча сүйлөгөн, сөзгө бай “Жебе” тобунун мүчөсү Кумардын мамадана (көп сүйлөгөн) экенин айткан ырчы шакирттери менен “Кечинде келемин сага” аттуу чыгармасын бирге аткарышты. 

Ырчыны “Кыз-Бурактын” кыздары, “АГК” деген ат менен да белгилүү болгон Айжамал Кабылова, Гүлнара Калдарова куттуктап келишти. Гүлнара Калдарова майрамга карата “Розалар” аталышындагы ырын тартуу кылса, Айжамал Кабылова түрк тилинде ырдап, сахнада бийлеп, элди да бийге чакырды.

Азил-чыны аралаш сүйлөгөн алып баруучу “2 баланын энеси болуп туруп сахнада тырталаңдаганың кантет?” деп тамашалап калды. "Элим колдоп турганда чыгармаларымды аткара берем" деген ырчы “жашым 80ге чыкса да ырдап-бийлеп, секирем” деди.

Элге жакшы маанай тартуулап келген Жеңишбек Айтиев "Сочи-2014" Кышкы Олимпиадасын тамашаларына кошуп өттү. “Биз акчаны үнөмдөп 1 адамды жөнөттүк. Көп адамды жөнөтүп эмне кылабыз? Болгондо да орусту жөнөттүк эле, ал да шалтурук, палпыс кашаны сүйрөп кетти. Ээ, аны не кыласың, алтындан сүйрө, алтын керек бизге”,- деп элге күлкү тартуулады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
damira19
2014-03-04 21:58:03
ишинизге ийгилик Кенже эже
0
damira19
2014-03-04 22:02:50
супер инфо бул концерти сиздердин сайтыныздардан кутообуз
0
azhibaeva.2012
2014-03-05 00:16:41
Чыдамсыздык менен кутобуз
0
Beko87
2014-03-05 00:51:13
Кыз-бурак келбептирда.Сайкал менин экинчи апам деп атты элегоо?
0
akus
2014-03-05 01:16:19
Элдер Сайкал Кенже эженин кызы деп уктум эле ушул канчалык чындыгы бар ?
-2
liliya-gul
2014-03-05 06:25:29
akus, андай эмес ! Бул жерде концертти гана сындашыбыз керек , Сайкалды кыпчып эмне кылабыз ? . . .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан