Бишкекте бүгүн, 4-мартта Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда ырчы Кенже Дүйшеева менен “Жебе” тобунун концерти жагымдуу маанайда аяктады. Ырчы айым “Сүйүүмдү таптым” аттуу ырын аткарып, концертти жыйынтыктады. Уюштуруучу топко, келген күйөрмандарына ыраазычылык билдирген “Жебе” тобундагы мырзалардын энелери шаңга толгон концерттин соңунда Кенже Дүйшеевага рахмат айтуу менен бирге белектерин тартуу кылышты.