Ырчы Кенже Дүйшееванын жолдошу концертте кыргыз элине таазим этип, жүгүндү

Бишкекте бүгүн, 4-мартта Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда ырчы Кенже Дүйшеева менен “Жебе” тобунун концерти өтүүдө. Анда А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын солисти Алмаз Истамбаев менен “Жебе” тобу бирге ырдап чыгышты. 

Алып баруучу Жеңишбек Айтиев ырчы жигиттердин чач жасалгасы тууралуу “үйлөнө элек короздун чачы го” деп залды күлкүгө бөлөдү. Балдар тамашаны улай үйлөнбөгөндөрүн да айтышты. Ырчы мырзалардын Кенже Дүйшеева менен чогуу аткарган “9 жаш” аттуу чыгармасы көпчүлүктүн көңүлүнөн түнөк тапты. 

Концерттин жүрүшүндө казак элине келин болгонун айтып, “Анашым” аталышындагы ырды “жаңыдан аткарып жаткандыктан, кагаз карап ырдасам” деп казак тилинде ырдап берди. “Сүйүүмдү таптым” деген ырын аткарган соң жолдошу чыгып, ырчыга гүлдесте сунду. “Ушунча элдин алдына чыктың, 5 миллион элиме таазим этип жүгүнүп койбосоң болбойт” деди. Алып баруучу учурдан пайдаланып аталарга, апаларга, жеңелерге жүгүнттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Beko87
2014-03-05 00:36:04
Казак жездени бир жугунтуптурда)))
+3
Balykchy_sity
2014-03-05 00:42:15
Молодец!
+3
tasuluu
2014-03-05 01:20:29
Азаматсыз, жеке жашоонузга чооон бакыт чыгармачылыгынызга ийгилик каалайм
0
azat_sokrat
2014-03-05 02:09:03
келечекте Жебе тобу коп нерсени быгындырыныздар бул концерт сиздерге стимул берсин!!!
0
Gul.08
2014-03-05 02:34:46
Оо Сонун болгонго концерт а видеосун качан кантип каерден корсок болот???
0
sm_mz
2014-03-05 04:06:38
Мен бунун баарына кубо болуп келдим,аябагандай бийик денгээлде отту деп эсептейм!!!супер,супер,баары супппер!соз жок...Кенже эже жана Жебе тобу алга!алга!алга!кополоктой кококолой бер асманга! ))
0
jan78
2014-03-05 08:26:47
Ушунчалык бийик денгеелдеги концерт болду. Биз кубо болдук. Азаматсыз Кенже эже. АГК тобунун концертин эртереек бергилечи. Эл силерди сагынды.
+1
acer11
2014-03-05 09:13:49
Жениш ака концертти да тойго окшотуп жибериптир. Туура кылыптыр жугунтуп азамат.
0
Bat
2014-03-05 11:06:11
супер кенженин суйуумду таптым деген ырын жуктоп койгулачы
0
Alai_kyzy
2014-03-05 12:45:41
Аа жакшы.
0
infiniti
2014-03-05 18:46:04
Тузук тузук.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан