Жалал-Абад облусунун район-шаарларынын арасында 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамына карата «Өз заманынын айымы» аттуу сынак өткөрүлдү. Иш-чара 3-мартка чейин уланып, жеңүүчүлөрдүн тизмеси өкүлчүлүккө берилери белгилүү болгон. Жыйынтыгы бүгүн, 5-мартта Барпы театрында өтө турган облустук аялдардын майрамдык салтанатында чыгарылып, алдынкы орунду ээлегендерге сыйлыктар тапшырылат. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.