Бүгүн, 5-Март – Ак калпак күнүндө "Ала-Тоо" аянтында 500дөн ашуун жаштар "Кара жорго" бийин бийлешмекчи

Бүгүн, 5-Март – Ак калпак күнүндө саат 11.00дөн 17:00гө чейин "Ала-Тоо" аянтында «Кыргыздын улуттук оюндары» аттуу фестиваль өтмөкчү. Фестивалдын жүрүшүндө 500дөн ашуун жаштар "Кара жорго" бийин бийлешет. Мындан сырткары кыргыздын улуттук оюндарынын ондон ашык түрү ойнотулуп, активдүү оюн көрсөткөн катышуучуларга жана оюн жеӊүүчүлөрүнө кызыктуу белектер тартууланат.
"Фестивалдын максаты - Ак калпак күнүндө элге майрамдык маанай тартуулоо менен бирге кыргыздын улуттук оюндарын көрсөтүп, үйрөтүү",- дешет иш-чаранын уюштуруучулары «Кыргызстан кыялы» коомдук фонду, «Лидер» жаштар клубу, «Ак шумкар Кут» жаштар коомдук бирикмеси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан