АКШнын Миннесота штатынын тургуну Грег Новак 15 метрдик кар киши жасады. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, аталган аймакта кардын көп түшүшүнөн улам фермер Грег Новак 15 метр кар киши жасаган. Ал эригенге чейин автор аны “Гиннесстин рекорддор китебине” киргизүүнү ойлоп жатат.
“Мен кар киши жасоону кыштын алгачкы күндөрүндө эле баштагам. Кар токтобой жаай бергендигинен ишимди улантууга туура келди. Албетте, туугандарым жана досторумдун жардамысыз 15 метрдик нерсени жасай албайт элем. Аны чоң ата деп атап койдук”,- деди Грег Новак.