Бишкекте баңгизат сатуу менен алектенген милициянын полковниги кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, февраль айынын аягында ИИМдин коопсуздукту коргоо бөлүмүнө "баңгизат сатуу менен шугулдангандардын арасында милициянын полковниги бар" деген ыкчам маалымат келген. Көп өтпөй баӊгизат ташуучу Сергей жана аны сатуу менен алектенген ИИМдин кызматкери Жанболот экендиги аныкталган.
4-март күнү ИИМдин коопсуздукту коргоо бөлүмү, шаардык прокуратура кызматкерлери тарабынан атайын операция пландалып, шаардагы Гоголь-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде токтотулуп турган унаадан баӊгизат таратуучулар кармалган. Иликтөөнүн жыйынтыгында аталган милициянын полковниги ИИМ академиясынын сырттан окуу бөлүмүндө инспектордун кызмат ордунда экендиги аныкталган.
Кармоо учурунда андан жүз аарчыга оролгон 19 чек героин баӊгизаты табылган.
Учурда кылмыш иши козголуп, кызматтык текшерүү жүрүп жатат. Тергөө амалдары уланууда.