Беловодск айылынын тургуну өз ыктыяры менен РГД-5 үлгүсүндөгү гранатаны тапшырды

Беловодск айылынын тургуну өз ыктыяры менен РГД-5 үлгүсүндөгү гранатаны тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жардыргыч затты алып келген жаран аны аталган айылдын Ломоносов жана Кыргызстандын 50 жылдыгы көчөлөрүнүн кесилишинен таап алганын айткан.

Ушул эле күнү Жайыл районунун тургуну милиция бөлүмүнө согуштук гранатага окшогон, темирден жасалган буюмду тапшырган. Айтымында, аны атасынан калган гаражды жыйнап жаткан учурда таап алган.  

Учурда алынып келинген заттар коопсуз жайда сакталып, текшерүүлөр жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Almabek
2014-03-05 11:40:25
Гранатаны кайдан алыптыр ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан