ЖКда Кыргызстандын Беларустагы элчилигин жабуу сунушу айтылды

Парламенттин депутаты Өмүрбек Абдрахманов бюджет жана финансы комитетинин бүгүнкү отурумунда "ТИМ өзүнүн дипломатиялык өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүнө анализ жүргүзбөй жатат" деп билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын Беларусь, Малайзия, Түркмөнстандагы элчиликтерин кармоонун кажети жок. Анткени качып кеткен президент Бакиев Беларуста болсо да, элчиликтен жардам болгон жок. Буга Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Бакиевдин жасаган иши үчүн мындай кадам жасай албайбыз деп жооп берди. Кошумчалай кетчү нерсе, ТИМ Ооганстан жана Кувейт өлкөлөрүнө элчилик ачуу үчүн 30 миллион сом бөлүп берүүнү ЖКдан суранды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан