Бишкекте унаа дөңгөлөктөрүн уурдаган топ кармалды

Бишкекте дөңгөлөк уурдаган топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы кабарлады. 
Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнө Бишкектин 50 жаштагы тургуну К.Икрамидин “үйдүн жанында токтоп турган Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаамдын 4 дөңгөлөгүн тең бирөөлөр уурдап кетиптир” деп кайрылган. Келтирилген чыгымдын баасын 12 миң сом деп баалаган. 
Бишкек ШИИББинин түнкү күзөт бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин негизинде жогорудагы кылмышка шектелип Бишкек шаарынын 21 жаштагы тургуну И.Нурлан, Токмок шаарынын 24 жаштагы тургуну Ы.Камчыбек, Чүй облусунун 21 жаштагы тургуну Б.Алексей кармалды. 
Учурда Биринчи Май РИИБинде тергөө иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aviator
2014-03-05 15:54:54
аты жонун толук жазып койчу эленер го. Мисалы Ташиевдин баласы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан