Маалыматка ылайык, аталган кызматтын кызматкерлери тарабынан айдоочудан 1200 сом алып, айдоочулук күбөлүгүн кайтарып берип жаткан жеринен Чүй облустук Жол-кайгуул кызматынын ага инспектору кармалган.
Учурда ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, Ысык-Ата РИИБинин убактылуу камоочу жайына киргизилди.