КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин 2013-жылкы бюджетинин 85 пайызы жолдорду оңдоого жумшалат. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министри Калыкбек Султанов парламенттин каржы жана бюджет тууралуу угуусунда билдирди. "2013-жылы биздин министрликке бюджеттен 1 миллиард 895 миллион сом бөлүнгөн. Алардын 85 пайызы жолдорду оңдоого жумшалат",- деди министр. Ошондой эле ал Транспорт жана байланыш министрлиги кийинки жылы жол оңдоо тармагында реформа жасаары тууралуу айтты.