Кыргыз-тажик чек арасынан аткезчилик жолу менен 60 миң сомдук азык-түлүк өткөрүп жаткандар кармалды

Бүгүн, 5-мартта кыргыз-тажик чек арасынан аткезчилик жолу менен азык-түлүк өткөзүп жаткан Кыргызстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Портер үлгүсүндөгү унаадан сүт, колбаса жана кондитердик азыктар табылган. Булардын жалпы баасы 60 миң сомго барабар экени аныкталды.

Тиешелүү документтер толтурулуп, азык-түлүктөр Баткен облусунун Каржы полициясына тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
abdi91
2014-03-06 00:48:46
азык тулукко отуп жатат насбайда отуп жатат тажикистанда 500 сом болуптур Баткен менен чектешкен айылдарда тунуго бемалал еле соода болуп жатат бензин башка нерселера отупжатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан