Бүгүн, 5-мартта саат 18:00дө Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда «Тамашоу» Лигасынын Ак калпак кубогу үчүн таймашы болот. Кубок үчүн мелдешке «Моника Беллуччи», «Тамадалар» курама тобу, Ош мамлекеттик университетинин «No name» командасы, КВНчилердин «Патриоттор» курама тобу жана "Тамашоунун" жаштар курама тобунан турган 5 команда ат салышат.
Биринчи орунду жеңген команда Ак калпак кубогу жана 100 миң сом менен сыйланат. Калган орундарды ээлегендерге да акчалай байгелер берилет. Эң кызыгы, бул таймашта акыркы, 5-орунду алган командага 10 миң сом ыйгарылмакчы.