Парламентте депутаттар тарабынан сунушталган мыйзам долбоорлорду изилдөөчү илимий изилдөө борбору түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда "Ата Мекен" жана "Ар-намыс" фракциясынын жыйынында маалым болду. Жыйында серепчилер парламенттин өнүгүшү тууралуу стратегияларын сунуштагандан кийин ушундай чечим кабыл алынган. Демилгечилердин айтымында, борборду ачуу анча көп каражатты талап кылбайт.