«Тамашоу» Лигасынын Ак калпак кубогу үчүн таймашын "Одноклассники", "Айымдар" курама командалары баштады 

Бүгүн Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда «Тамашоу» Лигасынын Ак калпак кубогу үчүн таймашы башталды. Кубок үчүн мелдешке «Моника Беллуччи», «Тамадалар» курама тобу, Ош мамлекеттик университетинин «No name» командасы, КВНчилердин «Патриоттор» курама тобу жана "Тамашоунун" жаштар курама тобунан турган 5 команда ат салышмакчы.

Калыстар тобунун мүчөлөрү режиссёр Рысбек Жабиров, стилист Замира Молдошева, ырчы Урмат Усенов, SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова, кармаш-уруш боюнча Дүйнө чемпиону Улан Эралиев, ырчы Омар, юрист Жоомарт Жолдошов болмокчу. Бүгүнкү оюндун демөөрчүсү Аскар Салымбеков алгач бардык кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу жана Ак калпак күнү менен куттуктап, катышуучуларга ийгилик каалады. Мелдештин байге фонду 200 миң сомду түзөт.

Таймаш "Тамашоу" Лигасынын 6-сезонунун оюнчуларынан куралган  "Одноклассники", "Ала-Тоо", "Айымдар" жана башка командалар баштап беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
peri...97
2014-03-05 20:23:09
Молодцыыы ийлилииик но нейм утсун.
+1
Laimbek
2014-03-05 20:42:17
peri...97, Но неймге беришбейт го...
-1
Alicia
2014-03-05 20:29:25
Askar Salymbekovko chooong rahmat nakonetsto jakshy baige koiuluptur!!!
-1
ruslan_92kg
2014-03-05 21:07:38
НО НЕЙМ КУЧТУУУ КОМАНДА алга азаматтар
+2
Rolankgb
2014-03-05 21:55:33
Но нейм алга жигиттер
+1
syrduu
2014-03-06 01:58:50
no name ge ech berbedigo birinchilikti jakshy atkarsada az bal koiup koiuwat da artka 3 orundu berip koiuwat
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан