"Тамашоу":  Жаштар курама командасы жаштыкты көрсөтсө, «No name» 70 жаштагы абышкалардын образын жаратышты

Бүгүн, 5-мартта Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда «Тамашоу» Лигасынын Ак калпак кубогу үчүн таймашы өтүүдө. Мелдешке «Моника Беллуччи», «Тамадалар», «No name», «Патриоттор» жана «Тамашоунун» жаш оюнчуларынан куралган "Алга"  тобунан турган 5 команда катышууда.

Саламдашууда "Алга" курама командасы "Жаштарды долларга окшотуу керек. Күтүүсүздөн көтөрүлүшү мүмкүн, бирок эч качан түшпөйт" деген ураан менен чыгышты. Ал эми «No name» курама командасы абышкалардын образын чагылдырышты. 5-сезондун жеңүүчүсү "Моника Беллуччи" тамашалары менен көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартууласа, орус улутундагы жигиттерден түзүлгөн "Патриоттор" командасы кыргыз тилинде тамашаларды аткарып, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө айланышты. "Тамадалар" курама командасы кыргыздын улуттук баш кийимин кийип, калпак тууралуу ыр тартуулашты. 

1-орунду жеңген команда Ак калпак кубогу жана 100 миң сом менен сыйланат. Калган орундарды ээлегендерге да акчалай байгелер берилет. Эң кызыгы, бул таймашта акыркы, 5-орунду алган командага 10 миң сом ыйгарылмакчы.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
muslim7
2014-03-05 21:38:32
no name алга
+8
nurkojo
2014-03-05 22:01:51
NO NAME алга силер мыктысынар...
+6
Boria2014
2014-03-05 23:23:53
no name биз силер менен силердин ойногонунар башкалардан озгочо
+6
Laimbek
2014-03-05 23:30:43
Но Нейм ар дайым мыкты оюун корсотот бирок эч качан жакшы баа беришбейт.. Но Неймди колдочулар да башкаларга караганда кобурок колдошот го.
+6
Ulibem
2014-03-06 00:32:05
No Nаmе мыктылардын арасында Эн мыкты команда!
+2
gulmira.mukumbaeva
2014-03-06 01:47:11
no name мыкты команда бирок журилер ошону байкабйт кубокту no nameге бериш керек эле
+2
kyrgyzstan_93
2014-03-06 06:05:44
балдар балдар ош !!!
+2
akisha777
2014-03-07 14:13:30
no name бар учун томашоу кызык менимче
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан