Бүгүн, 5-мартта Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда «Тамашоу» Лигасынын Ак калпак кубогу үчүн таймашы өтүүдө. "Ким тапан?" сынагында бардык оюнчулар жогорку деңгээлде оюн көрсөтүштү. Калыстар тобу тарабынан берилген суроолорго тамашалуу жооп тапкан командалар көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Замира Молдошева: – Миланга барып келдик. Мени ал жакта эч ким тааныбайт. Мен да тааныбайм. Бирок Омарды таанышат экен. Америка менен Италиянын эмне байланышы бар?
"Моника Беллуччи": – Ал жакка эмнеге бардыңыз өзү?
"Алга, жаштар!": – Айланайындар, мен деле Сочиге бардым. Эч ким тааныган жок мени. Айланайындар (президенттин образында)...
Рысбек Жабиров: – Жакында доллардын курсу көтөрүлдү. 8-мартта эркектердин давлениеси көтөрүлөт. Дагы эмнеси көтөрүлөт?
"Алга, жаштар!": – Айланайындар, мага намёк берип жатасыңарбы? Эч ким көтөрүлбөйт (президенттин образында)...
"No name": – Мен айткам жана эле, менин катыным жок. 30 жашта эле тынчыгам.
Урмат Усенов: – Жаз келе жатат. Силерде кандай өзгөрүүлөр бар?
"Алга, жаштар!": – Айланайындар, жаз темасын токтоткулачы. Сураныч (президенттин образында)!
Бактыгүл Сокушова: – Эрмек Нурбаев "Шри-Ланкага барганда Каныкей менен пил минип жарышам" деген. Сиз Каныкей менен Шри-Ланкага барсаңыз эмне кылат элеңиз?
"No name": – Уятыңыз жок, ээ, эжеке...
"Патриоттор": – Кыргыз тили боюнча жарышмакмын.
"Моника Беллуччи": – Каныкей мени менен барбайт да...