Бүгүн, 5-мартта Ош шаардык драма театрында ырчы Самара Каримованын жеке концерти өттү. Анда ырчы жандуу үн менен казак, өзбек, орус, итальян, түркмөн, молдава тилинде жана индиялык Жимминин ырын ырдап, ар тараптуу талант экенин далилдеди. Концертке Каныкей Эралиева, Гүлнур Асанова, куудул Жаныбек Алыкулов, жубайы Азиза Алыкулова катышты. Ырчынын жолдошу Асан Мансуров: “Ош - көп улуттун өкүлдөрү жашаган шаар. Самаранын концертине башка улуттан да күйөрмандары келип отурат. Кыргыз ырларын сыйлап келип жатышат, биз да аларды сыйлаганыбыздын бир белгиси катары башка улуттун ырларын да аткарууну туура көрдүк. Бийчилер Бабур театрынан келишти. Бул да болсо эки элдин ынтымагы”,- деди. Концерт үч күндөн бери уланып, көрүүчүлөр залдын 100 пайызын ээлешти.
Концерт 9-мартка чейин болору жана 8-мартта эки жолу коюлары белгилүү болду.