Бүгүн, 5-мартта Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда «Тамашоу» Лигасынын Ак калпак кубогу үчүн таймашы өтүүдө. Музыкалык үй тапшырма сынагында “Патриоттор” курама командасы аткарган номерде кыз орус жигитин ата-энесине тааныштырууга алып келгенде, ал кыргыз экенин далилдегенге аракет кылып “Манас” айтты. Ал эми “Моника Беллуччи” мушкетёрлордун тагдырын чагылдырып берди. “No name” курама командасы Ош шаарына келген араб, кытайлыктарды оштукча сүйлөгөнгө үйрөттү. “Алга” жаштар курама командасы музыкалык үй тапшырмасын “Дордой” деген темада аткарып баштады. Ырчы Омар ырдын сөзүн унутуп калганда, достору жардамга келип, аны абалдан чыгарышты.