Бүгүн Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда «Тамашоу» Лигасынын Ак калпак кубогу үчүн таймаш болуп өттү. Кубок үчүн мелдешке «Моника Беллуччи», «Тамадалар», «No-name», «Патриоттор» жана "Алга, жаштар!" курама тобунан турган 5 команда ат салышты.
Үч сынактын жыйынтыгы боюнча 18,6 упай менен "Патриоттор" командасы 4-орунду ээлешти (10 миң сом).
3-орунду 18,9 упай менен «No name» командасы багынтса (20 миң сом), "Тамадалар" жана "Моника Беллуччи" 19,7 упай менен 2-орунга татыктуу болушту (70 миң сом). "Алга, жаштар!" курама командасы 20,5 упай менен Ак калпак кубогун утуп алышты (100 миң сом).