Нарында куралданган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 4-мартта Кочкор районундагы “Сары-Чат” өткөрүү бекетинде Тойота Авенсис унаасы токтотулган. Аны мурда сот жообуна тартылган Чүй облусунун жашоочусу башкарып бара жаткан. Ошондой эле унаанын ичинде төрт адам болгон. Аларды текшерүүгө алышканда тапанча, 16 калибрлүү мылтык, 4 даана бет кап табылган. Кармалгандардын баары Кемин районунун тургундары болушкан. Алардын бири аймактык кеңештин депутаты экени аныкталды. Учурда “ок атуучу курал менен ок-дарыларды мыйзамсыз колдонуу, сактоо, сатуу, ташуу же алып жүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.