Ахматбек Келдибеков УКМКнын СИЗОсун оңдоого 10 миллион бөлүп берүүнү сунуштады

ЖКдагы Бюджет жана финансы комитетинин 21-декабрдагы жыйынында депутат Ахматбек Келдибеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин СИЗОсу оңдоого муктаж экенин билдирди. Анын айтымында, СИЗОдогу абал өтө начар, суу түтүктөрү, жылуулук берүү тармагы эскирип бүткөн. "Бул жай Совет мезгилинен бери оңдоп-түзөөдөн өткөрүлө элек, ушундай абалда өзүбүздүн жарандарды кармап жатабыз. Буга бюджеттен 10 миллион сом каражат бөлүп берүү керек" дейт Келдибеков. Анын бул сунушун бир катар депутаттар колдоого алышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан