УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан саламаттыкты сактоо органдарын текшерүү учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облустар аралык балдардын кургак учукка каршы күрөшүү ооруканасындагы жетекчилик жана жоопкерчиликтүү кызматтагы адамдары тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы ачыкка чыкты. Бул тууралуу 5-мартта аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, дарылоо мекемесиндеги башкы дарыгер М.О. менен жоопкерчиликтүү тараптар эмгек акы фондусунан бюджеттик каражатты ээлеп алуу максатында факт түрүндө аталган ооруканада иштебеген өзүнүн туугандары менен тааныштарын фиктивдүү механизмди колдонуу жолу менен жасалма документтер аркылуу жумушка алган.
Аталган факт боюнча ушул жылдын 23-февралында Ош облустук прокуратурасы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 308-беренеси (бюджеттик каражаттын мыйзамсыз колдонулушу) жана 315-беренеси (кызматтык жасалмалуулук) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.