Ысык-Көл. Жети-Өгүздө санариптик байланышка туташуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында үч санариптик автоматтык телефон станциясы ачылды. Бул туурасында “Кумтөр” компаниясынын басма сөз катчысы Сергей Дедюхин билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө АТСтер "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому тарабынан Барскоон, Тамга жана Тосор айылдарында орнотулду. Белгилей кетсек, айылдыктар үчүн керектүү жабдыктарды сатып алууга аталган компания жардам иретинде 75 миң доллар өлчөмүндөгү каражат бөлүп берсе, калган бөлүгүн “Кыргызтелеком” ачык акционердик компаниясы каржылаган. Кубанычтуусу, үч айылдын жашоочулары эми телефон байланышынын сапаттуу кызматтары менен гана камсыз болбостон, интернет тармагына жетүүгө да мүмкүнчүлүк алып, санариптик телекөрсөтүүгө да кошула алышат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан