Талас облусунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 6-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 5-мартта саат 17:25 чамасында Талас районунун Жол-Арык айылында катталган. Анда Хонда Одиссей унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жол жээгиндеги бакты сүзүп алган. Анын кесепетинен 1972-жылы туулган Наркүл Тойгонбаева жана 1994-жылы туулган Кушубек уулу Айбек каза болду. Ал эми Нургазы Эстебесов денесинен жараат алып, ооруканага жеткирилген.