Милиция бөлүмүнө Бишкектин 28 жаштагы тургуну А.Уланбек "Бишкектеги Чапаев-Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги авто оңдоочу жайдын жанынан Лексус ЕS 330 үлгүсүндөгү унаамды белгисиз бирөөлөр уурдап айдап качты" деген менен арыз менен кайрылган. Ыкчам изилдөө иштеринин негизинде жогорудагы кылмышка шектелип Чүй облусунун Москва районунун 22 жаштагы тургуну Р.Александр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.