Ошто Ниязалы Борош уулунун 158 жылдыгына карата жаш аткаруучулардын арасындагы сынактын 1-туру аяктады. Сынакка 20га жакын катышуучу катышып, комуз, кыяк, фортепиано сыяктуу аспаптарда классикалык чыгармаларды ойноо тапшырмасын аткарышты. Ал эми 2-тур 26-мартта өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта уюштуруучулар билдиришти.
Бул иш-чараны «UNA – Сен жалгыз эмессиң” коомдук өнүгүү фонду уюштурууда.