Нарын. Облус 11 айда өрт кырсыктарынан 3 миллион сом зыян тартты

2012-жылдын 11 ай ичинде Нарын облусунун аймагында 104 өрт кырсыгы катталып, алар алып келген социалдык-экономикалык чыгымдар 3 миллион 862 миң 369 сомду түзүп, жалындан бир адам денесине күйүк жаракатын алган. Былтыркы  2011-жылдын 11 айына салыштырмалуу өрт кырсыктарынын саны 17ге же 14 пайызга кыскарган. Ал эми социалдык-экономикалык чыгымдар 15 миллион 630 миң 17 сом же 80 пайызга азайган. Жалпы катталган өрттөрдүн 84 же 80,7 пайызы жеке менчик турак үйлөрдө, короолордо, сарайларда жана кесек тоют сакталчу жерлерде болгон. Аталган өрт кырсыктарынын чыгуу себептери төмөндөгүдөй: электр жабдууларын эрежеге ылайык эмес монтаждоо жана өрт коопсуздук эрежелерин бузуу менен колдонуудан 24 кырсык катталып, чыгымы 1 миллион 279 миң 667 сомду түзгөн. Тамеки тартуудагы этиятсыздыктан 23 өрт катталып, чыгым 724 миң 776 сомду, ачык отту колдонуудагы шалаакылыктан 17 өрт катталып, чыгым 508 миң 952 сомду, балдардын от менен ойноосунан 17 өрт кырсыгы катталып, чыгым 462 миң 485 сомду түзгөн. Атайылап өрттөө боюнча 6 факты катталып, ал 179 миң 488 сом зыян алып келген. Мындан сырткары себеби белгисиз 5 өрт кырсыгы 223 миң 65 сом зыян алып келди. Ошондой эле чагылгандын тийгенинен 2 өрт (зыяны - 55 миң 346 сом) чыкканы да белгилүү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан