Жалал-Абад облусунда 386 мечит уруксаты жок курулган 

Жалал-Абад облусунда 616 мечит жана 6 медресе бар. Алардын 448и каттоодон өткөн. Калган 168и каттоодон өткөн эмес. Ошондой эле 230 мечит тиешелүү архитектуралык нормаларга ылайык курулган болсо, 386 мечит эч кандай уруксат документтери жок салынган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 6-мартта билдирди.

 

Эске сала кетсек, 2014-жылдын 3-февралында Сузак районунун Ырыс айыл аймагында жайгашкан мечит-медресенин экинчи кабаты урап, 56 адам жабыркаган. Анда 1953-жылы туулган маркум Бактыяр ажы Ясынахуновго жаназа намазы окулуп жаткан. Ага 700дөй адам катышкан. Намаз окулуп бүтүп, эл сыртка чыгып жаткан учурда мечит-медресенин экинчи кабатынын 42 чарчы метр жыгач полу көтөрө албай түшүп кеткен. Жабыркагандардын экөөсүнүн кыр арка сөөгү сынган. 

Бул боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренеси (коопсуздук талаптарына жооп бербеген иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү) боюнча кылмыш иши козголгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан