Кеминдеги төрөт үйүнө мас абалында келип, айнек-эшиктерди талкалаган жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-мартта саат 22:00 чамасында бейтааныш адам төрөт үйүнүн айнектерин жана эшиктерин сындырып салган. Райондук оорукананын кызматкерлеринин айтымында, ал мас абалында болгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп 27 жаштагы жигит колго түшүрүлдү.