ЖКнын "Ата Мекен" жана "Ар-намыс" фракцияларынын 21-декабрдагы биргелешкен жыйынында Ак үйдөгү кызмат көрсөтүү тууралуу сөз болду. Суроолорго жооп берип жатып депутат Роза Акназарова Ак үйдөгү бардык кызмат көрсөтүүлөр үчүн Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынан каражат төлөнө турганын айтты. Аталган кызмат көрсөтүүлөргө жарык, жылуулук сыяктуу коммуналдык тейлөөлөр кирет. Ал эми депутат Айнуру Алтыбаева мындай кызмат көрсөтүүлөргө кеткен каражатты бөлүштүрүү боюнча ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбековго атайын кат жолдонгонун билдирди. Депутаттын айтымында, Ак үйдүн 6-7-кабаттарында Президенттик Аппарат жайгашкан, алар да каражат төлөшү керек.