“Суванбердиев-Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Сони-Интернет” аталышындагы клубдан “Сони плейстейшн” үлгүсүндөгү 4 оюн приставкасын уурдады” деген шек менен 3 жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Бишкек ШИИББи билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектелип Бишкектин тургундары 21 жаштагы Д.Юрий, 20 жаштагы С.Фарух, 22 жаштагы П.Никита колго түшүрүлдү. Алар буга чейин башка интернет-клубдан “Сони” үлгүсүндөгү 1500 АКШ долларына бааланган сыналгыны уурдаганы аныкталды.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.