Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерине кылмыш иши козголду

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура бүгүн, 6-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, аталган кызматкер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жергиликтүү бюджетке 1,5 миллион сом зыян алып келген.

Учурда бул боюнча “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан