Бишкекте уюлдук телефон уурдагандар кармалышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 21 жаштагы М.Ыкыбал аттуу жаран кайрылган. Ал Абдрахманов-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен бейтааныш балдар 3 миң сомдук “Нокиа” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алганын айткан. Октябрь РИИБинин кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелип 30 жаштагы К.Нурзат колго түшүрүлдү.
Мындан сырткары Төрт-Күл айылынын тургуну Чүй-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен, №258- маршруттук таксиден 3500 сомдук “Нокиа” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун чөнтөкчүлөр тартып аганын айтып кайрылган. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип Ысык-Көл облусунун 21 жаштагы тургуну Э.Дөөлөт кармалды.
Аталган фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.