Бишкекте жол эрежесин бузган, анысы аз келгенсип, аны токтоткон МАИ кызматкерлерине тапанча көтөргөн 23 жаштагы А.Улугбек аттуу жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-мартта жол-кайгуул кызматкерлери коопсуздук курун тагынбай Лексус RХ470 үлгүсүндөгү унаасын айдап келе жаткан айдоочуну токтотушкан. Ал МАИ кызматкерлерин сөгүп, кеп-сөзгө келбей, чөнтөгүнөн тапанча алып чыгып, аларды "Ордуңдан жылба! деп коркуткан.
Учурда бул жигит, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 94-беренесине ылайык, 48 саатка Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камалды. Териштирүү иштери жүрүүдө.