"Бишкектеги “Берекет-Универсал” соода борборундагы дүкөндөрдүн бирине кирип, 18 миң сом уурдады" деген шек менен 23 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө Чүй облусунун Кара-Жыгач айылынын тургуну Т.Чыңгыз аттуу жаран колго түшүрүлгөн. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.