Бишкекте 5-март күнү мас аял "Ош базарында" патрулдук кызматтын кызматкерлерине кол салып, ызы-чуу чыгарган. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиционерлер дүрбөлөң чыгарып жаткан аялды токтотууга аракет кылышкан, бирок ал эскертүүгө көңүл бурбай, алар менен мушташа баштаган. 43 жаштагы И.Жазира мас абалында болгону аныкталып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына отургузулду.