Стилист Замира Молдошева япониялык ишкерлер менен биргеликте Япон укалоо борборун ишке киргизди

Бүгүн, 6-мартта Замира Молдошева япониялык ишкерлер менен биргеликте Япон укалоо борборун ишке киргизди. Стилисттин айтымында, ал япониялыктарды иштешүүгө чакырып, атайын кызматты ишке киргизүүдө. Бул жайда атайын адистер массаж жасашат. Андан тышкары айымдар жана эркектер үчүн сулуулукка тиешелүү бардык кызматтар бар.

Борбор менен таанышуу үчүн Замира Молдошеванын тааныштары, маданият жана шоу-бизнестин айрым өкүлдөрү баш багышты. Ырчылардан Урмат Усенов, Гүлнур Сатылганова, Съездбек Искеналиев менен опера ырчысы Марат Ибраев келишти.

Замира Молдошева аларды борбордун кызматтары жана сулуулук салону менен тааныштырып чыкты.

“Бул жердеги дизайндын идеясы мага таандык. Мында эркектердин, айымдардын чач кыркуучу жайы жана сулуулукка тиешелүү көп кызматтар бар. Чынында, биздин айымдардын сулуу болуусун каалап, дайыма эшигибизди ачып келебиз. Кыргыз эстрадасынын өкүлдөрүнүн дээрлик 90 пайызы биздин кызматтан пайдаланышат”,- деди Замира айым.

Андан тышкары өткөн жылдын 9-сентябрында ойнотулган жолдомо ээлери Милан шаарында өткөн мода жумалыгына барып келгенин кошумчалады. “Мода жумалыгы февраль айында өттү. Биз ал жерге көрүү үчүн гана барбастан, айрым чакырууларга да ээ болдук”,- дейт ал.

Гүлнур Сатылганова: “Мен буга чейин укалоо кызматтарынан пайдаланып көргөм, бирок бетимди укалаткан эмесмин. Бул борбордун адистеринин укалоосу менин купулума толду. Дагы бир курс жазылып, кайра да келүүнү туура көрүп жатам. Негизи, адам денесин жана бетин укалатып турууга тийиш, анткени өзүңдү жеңил сезип каласың”,- дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
merim
2014-03-06 13:11:17
ийгилик!
+1
Heavy
2014-03-06 14:57:40
Охо
0
Kara_kyrgyz
2014-03-06 16:18:26
Heavy, сен массаж кылдырбасан деле формадагыдайсын го (аватаркана) караганда (((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан