Чүй облусунда маршруткада тополоң салган милиция кызматкерине кылмыш иши козголду

Чүй облусунда маршруткада тополоң чыгарган милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 16-декабрь күнү Аламүдүн районундагы Достук айылында белгисиз адам маршруткадан күбөлүгүн көрсөтүү менен өзүн милиция кызматкери деп тааныштырган. Маршруткадагы бир адамды ээн баштык кылып уруп жиберген. Андан кийин тополоңго аралашып, ортомчулук кылган запастагы генерал-майор М.Бекбоевди да уруп жиберген. Аталган кылмышка шектүү делип 26 жаштагы Ленин райондук коргоо бөлүмүнүн улуу сержанты кармалды. Учурда бул иш боюнча Кылмыш кодексинин 234-беренеси (ээн баштык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан