"Ош базарынын" аймагында 8-Мартка карата өткөн иш-чаранын уюштуруучулары ур-токмокко алынышты

Кечээ, 5-мартта Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде “Скью” аттуу Бишкек феминисттик демилге тобунун активисттери 8-Мартка арналган маалымат-маанайшат иш-чара өткөрүшкөн. Ага 20-30дай бала келип, уюштуруучуларга тийишип, өздөрүн кызуу кандуу алып жүрө башташкан. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акция Ленин райондук башкармалыгынын уруксаты менен өтүп жаткан. Ал саат 15:00дөн 19:00гө чейин пландалган. Иш-чаранын соңунда 20-30дай бала келип, активисттерди "христианчылыкты пропаганда кылып жатасыңар" деп күнөөлөп, тийише башташкан.

“Уюштуруучулар буюмдарды жыйнап кетип баратканда балдар алардын артынан барып, буюмдарды сындырышкан. Кээ бир активисттер ур-токмокко алынышкан, айрымдары Ленин райондук сотунун имаратына жашынууга аракеттенишкен. Бирок мекеменин кызматкерлери аларды сыртка чыгарууга аракет жасашкан”,- деп айтылат маалыматта. Милиция кызматкерлери активисттерди куткарып, Бишкек ШИИББине алып кетишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kaniet
2014-03-06 16:42:35
Феминисттерге КРда б...к барды?
+1
uluk1982
2014-03-06 17:00:57
Туура кылышыптыр!
+1
PROS
2014-03-06 17:35:36
Молодцы! Туура кылышыптыр!
0
Mr.enriiko
2014-03-06 18:15:31
дааа!!место табыпсынар силерда откоргонго хаа-хаа. Биротоло Ош базардын ичине кирип албайсынарбы. Эл тытынып соода кылып.
0
Beko87
2014-03-06 22:36:48
феминист деген не бале?? алар кимдер?
+1
dikeii
2014-03-07 07:43:56
азаматтар бар экенсинерго. туура кылышкан мен колдойм.
0
zenit28.
2014-03-07 18:15:21
(Маалыматка ылайык, акция Ленин райондук башкармалыгынын уруксаты менен өтүп жаткан. ал саат 15:00дөн 19:00гө чейин пландалган) терроризмге уруксат алып угуттосода болобу анда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан