Бишкек шаардык ИИББи билдиргендей, Биринчи Май райондук ИИБине саат 14:30да ЖКда азиат улутундагы белгисиз жаран УКМКнын кызматкерине себепсиз бычак сайгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге жетип барган милиция кызматкерлери иштин чоо-жайын аныкташты. Көрсө, белгисиз жаран ЖКга түштүк-чыгыш тарабындагы эшигинен мыйзамсыз кирмекчи болуп, бирок колго түшүп калганда аталган аракетти жасаган. Натыйжада УКМКнын кызматкери оң колунан жаракат алды. Кылмышка шектелип 1968-жылы туулган Жалал-Абад облусунун Жохонгир аттуу тургуну кармалды. Анын жанынан бычак алынды. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Айыпталуучу камакка алынып, иликтөө башталды.