Жогорку Кеңеш оор кылмыштарды кечирбөө тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды

Жогорку Кеңеш оор кылмыштарды кечирбөө тууралуу мыйзам долбоорун 3 окууда кабыл алды. Чечим бүгүн, 6-марттагы парламент жыйынында кабыл алынды. 84 депутат каттоодон өтүп, 55 депутат “макул”, 29 депутат “каршы” добуш беришти. Өмүрбек Текебаев демилгелеп чыккан бул мыйзам эми президенттин кол коюусуна жиберилет. 

Мыйзам өзгөчө оор кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн жокко чыгарат. Башкача айтканда, мыйзам күчүнө кирсе "мамлекеттик чыккынчылык", "коррупция" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен айыпталгандарды кайсы учурда болбосун жоопко тартууга болот. Буга чейин мындай кылмыштар 10 жылдан кийин "эскирди" деп табылып, күнөөлүүлөрдү жазалоо мүмкүн болбой калчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан