Мамлекеттик каттоо кызматында иштеген айым пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү башкармалыгы бүгүн, 6-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, бул мекеменин кызматкери шаар тургунуна паспорт берүү үчүн андан 5500 сом талап кылган. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында ИИМ жана прокуратура кызматкерлери тарабынан пара алып жаткан жеринен аталган кызматкер колго түштү.
Учурда жогорудагы факты боюнча “пара талап кылуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.