Чолпон-Атада “Мейкин Азия” аталышындагы экинчи эл аралык сынак өтөт

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий комплексинде “Мейкин Азия” аталышындагы экинчи эл аралык сынак өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Фестивалдын максаты маданиятты өнүктүрүү, таланттуу аткаруучуларга колдоо көрсөтүү жана Кыргызстанды туристтик аймакка айландыруу болуп саналат. Сынакта ар кайсы мамлекеттен келген катышуучулар өз тилинде бир ыр жана дүйнө жүзүндө хитке айланган ырдан бирди аткаруусу керек. Ага 17 жаштан 35 жашка чейинки ырчылар катыша алышат. Иш-чара 2014-жылдын июнь айында өткөрүлөт. Фестивалга Азия, Европа, Түркия, Орусия, Түштүк Корея, Кытай жана Япония өлкөлөрүнөн катышуучулар келиши күтүлөт.

Өткөн жылы 3 күнгө созулган Эл аралык "Мейкин Азия" фестивалында баш байгени казакстандык ырчы Димаш Кудайбергенов багындырып, кубок, диплом жана 7000 доллар акчалай сыйлыкка ээ болгон. 1-орунду алган украиналык Владислав Левицский 4000 доллар, 2-орунду алган кыргызстандык Ислам Акматов, Курал Чокоев жана тажикстандык Сабина Шамсед 2000 доллар, 3-орундун ээлери кыргызстандык Адилет Азим уулу, орусиялык Христина Дорошенко, кытайлык Ли Чжентао, армениялык Ани Оганесян 1000 доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен сыйланышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан